13-майда Астана соту аялын өлтүрүүгө айыпталган Казакстандын экс-экономика министри Куандык Бишимбаевге өкүм чыгарып, 24 жылга кести. «Кылмышты жашырган» деп күнөөлөнгөн анын тууганы Бакытжан Байжанов төрт жылга кесилди.
Бишимбаев «Өтө мыкаачылык менен адам өлтүрүү» жана «Кыйноо» беренелери боюнча айыптуу деп табылды.
Ишти караган судья Айжан Кулбаева өкүмдү окуду:
«Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 110-беренесинин 1-пункту, 99-беренесинин 2-пункту менен күнөөлүү деп табылды. Биринчи берене менен 7 жылга эркинен ажыратылсын, экинчи берене менен 20 жылга эркинен ажыратуу жазасы каралсын. Жалпы жонунан Бишимбаев 24 жылга эркинен ажыратууга өкүм кылынсын».
Ал эми Бишимбаев енен кошо «кылмышты жашырууга аракеттенген» деп айыпталган Байжанов 4 жылга эркинен ажыратылды. Ал өкүм угузулгандан кийин ага макул эместигин билдирди.
Булак: Азаттык.