• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Айнуру Алтыбаева, депутат : “Чупа Чупс уурдаганы үчүн үч жылга кескен соттор бар”

23 Бугу 2018 14:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23. 05. 2018. Govori.TV

“Чупа Чупсты пачкасы менен уурдаганы үчүн кызды 3 жылга эркинен ажыраткан соттор бар”. Бул тууралуу ЖКдагы жыйын учурунда депутат Айнуру Алтыбаева айтты.

“Бир ирээт аялдар түрмөсүнө барсак бир кызды баардыгы “Чупа Чупс” деп аташат экен. Эмнеге мындай чакырышаарын сураганыбызда, көрсө ал Чупа Чупсты пачкасы менен уурдаганы үчүн соттолуптур. Албетте, бул уурулук. Бирок,  ушул үчүн жаш кыздын тагдырын талкалап, үч жылга эркинен ажыратылган соттор мыйзамдуу иштеген деп айта алабызбы?”,-деди ал.

Ошондой эле депутат Жогорку Соттун судьялыгына талапкерлерге чечим чыгарууда мыйзамдан тышкары адамгерчилик менен кароо керектигин айтты.

Эске сала кетсек, Жогорку соттун судьялыгына Кыдык Жунушбаев, Ирина Воронцова, Дамира Орозова, Нургүл Бакирова, Айдарбек  Алымкуловдордун талапкерлиги парламентке жөнөтүлгөн.

Количество просмотров: 14