Президенттин сырткы саясат бөлүмүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева ээлеген кызматынан бошотулду. Президенттин бул тууралуу буйругу чыкканын маалыматтык-саясат бөлүмүнөн билдиришти.
Анда белгилүү болгондой, Айзада Субакожоева шанхай Кызматташтык Уюмунун баш катчысынын орун басары болуп дайындалган. Мындай чечим ШКУнун тышкы иштер министрлер кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Эске сала кетсек, 38 жаштагы Айзада Субакожоева Президенттин сырткы саясат бөлүмүн, Сапар Исаков Президенттик администрациясынын башчылыгыныа кеткенден бери же бир жылдан ашуун убакыт башкарып келген.
Чолпон-Атада ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн шаар жетекчилери жолугат
27-29-майда Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин аймактарынын жана шаарларынын жетекчилеринин жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу …