• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаров ШКУ өлкөлөрүнүн делегацияларын Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды

3 Аяк оона 202517:48 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн маданий жана спорттук делегацияларын Кыргызстан 2026-жылдын күзүндө өткөрүүнү пландап жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды. Бул тууралуу өлкө башчысы Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Тяньцзинь шаарында өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 25-жыйынында сөз сүйлөп жатып айтты.

«Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өлкөбүздүн визиттик карточкасына айланып, 2026-жылы Кыргызстан бул уникалдуу маданий-спорттук иш-чарада дүйнөнүн булуң-бурчунан келген конокторду кайрадан кабыл алууга даяр», — деди өлкө башчысы.

Количество просмотров: 141