• Бейшемби 8 Кулжа 2023
  • Четверг 8 Июнь 2023

Азамат Болгонбаев: «Жыпар Жекшеев демократиянын терисин жамынган диктатор экен…»

21 мая 2018 в 17:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 21. 05. 2018. Govori. TV

«Жыпар Жекшеев демократиянын терисин жамынган диктатор экен”. Бул сөздү ЖКдагы социалдык саясат комитетинин жыйыны учурунда акын, Коомдук каналдын Байкоочу Кеңешинин мүчөсү Азамат Болгонбаев айтты.

Анын пикиринде, Коомдук каналдын Байкоочу Кеңеши учурда өз функциясын жөндөп аткара албай жатат. “Байкоочу Кеңештин төрагасы Жыпар Жекшеевди демократиянын атасы деп баарыбыз сыйлайбыз. Бирок, ал демократиянын терисин жамынган диктатор экен. Керек болсо, коомдук каналдын башкы деректиринин отчетун “телефон менен эле кабыл алып коелу”,-дегенге чейин барып калдык. Шайлоо учурунда бир отурум кылып, каналдын жетекчилигин бейтараптуулукка чакырып коелу дедик, ал сунушубуз да өтпөй калды”,-дейт ал.

Ошондой эле ал Коомдук каналдын отчетун кабыл албоону суранды.

Количество просмотров: 18