• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Азербайжан президенти Кыргызстанга келет

29 Кулжа 20188:17 Бишкек Govori.TV
Бишкек.29.06.2018.Govori.TV.

Азербайжан президенти Илхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары даярдалууда. Бул тууралуу бүгүн президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлады.

Сапарга даярдык маселеси Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевдин Бакы шаарындагы иш сапары маалында талкууланды. Ал Азербайжан армиясынын 100 жылдыгына карата өткөрүлгөн аскер парадына конок болуп катышты.
Акыркы жолу кыргыз-азербайжан кызматташтыгы жогорку саясий деңгээлде 2012-жылы талкууланган. Экс-президент Алмазбек Атамбаев Бакыда расмий сапарда болуп, жалпысынан алты документке кол коюлган.
Булак: www.centralasian.org
Количество просмотров: 117