• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ажылык сапардын баасы кымбаттады

21 Чын куран 2022 15:31 Бишкек Govori.TV

Быйылкы ажылык сапардын баасы болжол менен 4500 долларга бааланып, былтыркыга салыштырмалуу 1000 долларга кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу быйылкы ажылык сапарды уюштуруу штабынын жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев билдирди.

Анын айтымында, ажылык сапардын наркы жогорулаганы дүйнө жүзүндө болуп жаткан кымбатчылыкка байланыштуу. Кыргызстандан ажылыкка баруу үчүн 2766 адамга квота берилген.

«Сауд Арабиясы эки жылдык чектөөдөн кийин быйыл чет элдик жарандарга дагы ажылык сапарга келүүгө уруксат берип, жалпысынан 1 миллион зыяратчыны кабыл алмай болду. Бирок, быйыл зыяратчыларга талаптар бар. Ага ылайык ажыга баруучунун жашы 65 жашка чейин болуп, COVID-19 илдетине каршы эмделген болуусу шарт. Ажылыкка 15-июндан 30-июнга чейин жөнөп башташат», — деди ал.

Количество просмотров: 482