• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Зыяратчыларды ажылыкка ташуу боюнча сынак жарыяланды

23 Аяк оона 20249:36 Бишкек Govori.TV


19-сентябрда 25 адамдан турган убактылуу республикалык штабдын биринчи жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Жыйынды азирети муфтийи Абдулазиз Закиров ачып, штабдын мүчөлөрүнө ажылык сапарды уюштуруунун жоопкерчилигин эскертти.

«Ажылыктын алкагында тиешелүү сынактарды болушунча калыс өткөргүлө. Тааныш аркылуу өтүүгө жол бербегиле», — деди ал.

Жыйындын жүрүшүндө сынактарды өткөрүү мөөнөтү жана ажылыкка баруучуларды электрондук каттоого коюу талаптары талкууланды.

20-сентябрда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы авиакомпаниялар арасында зыяратчыларды ажылыкка ташуу боюнча сынак жарыялады. Сынакка Кыргызстан менен Сауд Арабиянын авиакомпаниялары гана катыша алат.

Количество просмотров: 83