• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ажылык сапарга каттоо башталды

24 Үчтүн айы 2023 10:24 Бишкек Govori.TV

 2023-жылдагы ажылык сапарына каттоо бүгүн, 24-январда башталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Кыргызстандын муфтийинин орун басары Абибилла Кадырбердиев билдирди.

Анын айтымында, каттоо 14-февралга чейин жүргүзүлөт.

«Каттоо убактысы белгиленген аралыкта 2019-2022-жылдардан тарта электрондук кезекте турган ажылык сапарына баруучу талапкерлер 1 миң АКШ долларын «РСК Банкынын» иш убактысы бүткөнгө чейин төлөп, квитанциясын жана каттоого тиешелүү иш кагаздарды муфтияттын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарга жана райондук хатибияттарга тапшыруусу керек», — дейт ал.

Кадырбердиев билдиргендей, жаңыдан ажылыкка барууну каалаган талапкерлерди каттоо ID-карт паспортунун негизинде 20-февралдан 6-мартка чейин жүргүзүлөт.

«Талапкерлер 1000 АКШ долларын жана кайтарымсыз 1000 сом төлөбөй туруп каттала алышпайт. Эгер күтталуучулардын саны 7 миңге жетсе каттоо жабылат. Талапкерлерди каттоо Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда жүргүзүлөт», — деди ал.

Муфтийдин орун басары 2019-2022-жылы каттоодон өтүп, бирок бара албай каалагандар кайрадан каттоодогу 1000 сомдук каражатты төлөбөй турганын белгилеп өттү.

Муфтияттан 2019-2022-жылдардан бери кезекте турган талапкерлер төлөө мөөнөтүнүн ичинде 1 миң АКШ долларын төлөй албай калса ажылыктын электрондук тизмесинен чыгарыла тургандыгын эскертишти.

Эскерте кетсек, Сауд Аравия 2023-жылдагы ажылыкка Кыргызстан үчүн 6 миң квота бөлдү. Ал эми 2019-жылдан бери ажылыктын электрондук базасында 4 313 жаран кезекте турат.

Количество просмотров: 96