Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун сөөгү 31-июлда Өзбекстанда жерге берилди.
Маалыматка ылайык, маркум Ташкент облусунун Янгибазар айылына көмүлдү.
Кыргызстан менен Өзбекстандын дипломаттары Аскаровдун сөөгүн Өзбекстанда жерге берүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүшкөнүн 30-июлда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлаган.
2010-жылдагы июнь коогасын уюштуруу боюнча айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө кесилген укук коргоочу Аскаров 25-июлда №47 абакта каза болгон. ЖАМК Аскаровго «оң тараптуу пневмония» деген диагноз коюлганын кабарлаган.
Анын байбичеси Хадича Аскаровага калтырган керээзи боюнча сөөгү Өзбекстанда жерге берилери айтылган.
Маркумдун сөөгү Бишкектен Ошко жеткирилип, андан ары Өзбекстанга жөнөтүлгөн.