• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Азия чемпионаты: Акжол Махмудов алтын утту

19 Чын куран 202217:39 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Монголиядагы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында маалымдалат.

Финалда кыргызстандык балбан казакстандык Максат Ережепов менен күч сынашып, 3:1 эсебинде Акжол Махмудов Азиянын чемпиону болду.

Белгилей кетсек, буга чейин Тынар Шаршенбеков алтын медаль багындырган. Азия чемпионаты 19-24-апрелде Улан-Батор шаарында өтүүдө.

Количество просмотров: 268