• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Азия чемпионаты: Раззак Бейшекеев алтын үчүн күрөшөт

7 Чын куран 202617:51 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык балбан Раззак Бейшекеев Бишкекте өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты.

Ал 67 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, мелдешти чейрек финал баскычынан баштады. Алгачкы беттешинде Бейшекеев кореялык спортчу менен кез келип, 5:1 эсебинде жеңишке жетти. Жарым финалда кыргыз балбаны ирандык спортчуну 9:0 эсебинде утуп, финалга жолдомо алды.

Белгилей кетсек, ушул күндөрү Бишкектеги «Жаштык» аренада спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүп жатат.

Количество просмотров: 145