5-октябрда кыргызстандык спортчу Назым Нурланов Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан XIX жайкы Азия оюндарынын алкагында карате-до боюнча 75 кг салмак даражасында коло байгеге ээ болду.
Коло байге үчүн күрөштө Малайзиялык атаандашын 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, 3-орунду ээледи.
Эскерте кетсек, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында 45 өлкөнүн катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда.