• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Айпери Медет кызы Будапешттеги эл аралык мелдеште коло утту

20 Теке 202514:33 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан Polyák Imre & Varga János 2025 аттуу рейтингдик турнирде коло медалга ээ болду.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал 76 кг чейин салмак категориясында күч сынашкан.

Финалга чыгуу үчүн болгон таймашта балбан кыз Бразилиялык Тамирес Мачадого 5:10 эсебинде утулуп калды. Ал эми үчүнчү орун үчүн болгон таймашта Түштүк Кореянын балбаны Соен Чжонду 12:1 эсебинде жеңип, турнирдин коло медалын жеңди.

Количество просмотров: 106