• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкектин мэри Суракматовдун кыргыз тилинен кайра сынактан өтүүсү белгисиз

18 Аяк оона 2018 17:40 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 18.09.2018. Govori.TV
Борбордук шайлоо комитети, шаар башчысы Азиз Суракматовго кайрадан «Кыргызтесттен» өтсүн деген расмий кат жолдоду. Бирок, шаар башчысынын сынактан өтөөрү азырынча белгисиз. Бул туурасында мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Учурда бул тууралуу мэриянын укук бөлүмү  иш алып барууда. Алар кандай жыйынтык чыгарса ошого байланыштуу болот»,- дейт маалыматта.
Эске сала кетсек, журналист Канышай Мамыркулова БШК га, Бишкек жана Ош мэрлерин кайрадан кыргыз тилинен сынак берүү талабы менен арыз жазган.
Бул тууралуу БШК,  Азиз Суракматов менен Таалайбек Сарыбашевдин кайрадан “Кыргызтесттен” өтүү чечимин кабыл алган.
Количество просмотров: 31