Азиз Суракматов Эгизбаевдин уулун көрүп келди

3017
Бишкек. 11.10.2018. Govori.TV
Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов маркум журналист Уланбек Эгизбаевдин ымыркайын төрөт үйүнө барып көрүп келди.
Калаа башчы Эгизбаевдердин үй бүлөөсүн куттуктоо менен бирге ымыркайды бардык социалдык жактан  камсыз кылууга убада берип, көрүндүк тапшырды.
Эске салсак, маркум журналист Уланбек Эгизбаевдин жубайы Сапаргүл Абдинабиева кечээ 10-октябрда көз жарган. Учурда эне-баланын абалы жакшы.