• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Азиз Суракматов: «Шенген визам бар, Европага кетмекмин» (видео)

31 Теке 2018 15:16 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 31.07.2018Govori.TV

«Шенген визам бар, Европага кетмекмин». Бул туурасында Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер Азиз Суракматов кыргыз тилден сынак берип чыккандан кийин журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтты.
Анда журналисттердин «Европага визаңыз бар турбайбы жана август айында үй-бүлөңүз менен Европага эс алып кете турган пландарыңыз бар турбайбы. Бул сапарыңыз эми токтодубу?»деген суроосуна.
«Ооба, Шенген визам бар. Европага кетейин деп жаткам. Анан эми шайлоо болуп калды эми кандай болот билбейм» -деп жооп берди.
Ошондой эле кптышы бар «Елизавета» курулуш компаниясынын  насыя карызы бар экенин бирок, канча суммада экенин так билбесин, батирлерин сатып карыздарынан кутуларын жана шайлоодон кийин «Елизаветаны’ иштетишти же коюшту чече турганын билдирди.
Эске сала кетсек, бүгүн Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер Азиз Суракматов БШКнын имаратында атайын түзүлгөн комиссияга кыргыз тилинен сынак тапшырып чыкты.
Количество просмотров: 36