Бүгүн, 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү! Майрамды белгилөөгө утурлай борбор калаада жана аймактарда бир катар иш-чаралар уюштурулган.
Ал эми Бишкек шаарындагы борбордук аянтта бөбөктөрдүн майрамы кандай маанайда өтүп жатканына төмөнкү материалдан күбө боло аласыз:
Бедигей кетсек майрамга байланыштуу Бишкектин борбордук бөлүгү транспорт кыймылы үчүн жабылган. Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 1-июнда саат 07:00дөн баштап майрамдык иш-чара аяктаганга чейин Чүй проспектиси Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин жабык болот.