• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бүгүн Бишкекте активисттер митингге чыкты

31 Үчтүн айы 2021 19:58 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 31-январда борбор калаада кезектеги тынчтык жүрүшү өттү. Бул тууралуу митингдин катышуучулары социалдык тармактагы баракчаларына жарыялады.

Тынчтык жүрүшүнө 20га жакын адам катышкан. «Садыр ава, Путин болбо!», Конституцияны көрсөт!» деген сыяктуу плакаттарды көтөргөн жарандык активисттер Темир жол вокзалына чогулуп, андан соң Эркиндик бульвары аркылуу «Ала-Тоо» аянтына чейин келишти.

Белгилей кетсек, «Баштан башта» кыймылы демилгелеген бул тынчтык жүрүшү ар жекшемби сайын өтүп келет.

Количество просмотров: 114