4-июлда Бишкектин чок ортосунда жарык өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9.00дөн 18.00гө чейин Фрунзе, Раззаков, Жумабек жана Эркиндик проспектисиндеги көчөлөрдө электр жарыгы жок болот.
Электр энергиясынын өчүрүлүшү трансформатордук көмөкчордондо жабдууларды оңдоого байланыштуу.