28-марттан тарта карызын убагында төлөбөгөн бишкектиктердин электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек электр тармактар ишканасынан билдиришти.
Карызы бар абоненттердин саны 6,2 миңден ашат.
«Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн ишкана абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.
Турмуш-тиричилик абоненттер “Мой свет” тиркемесин уюлдук телефонуна жүктөп алып, өздүк эсеби тууралуу бүт маалыматты ала алат.