Ысык-Көл менен Нарын тарапка бет алгандарга айланма жол менен кетүү сунушталат.
Бүгүн, жума күнү, саат 8.00дөн 22.00гө чейин Бишкек — Торугарт жолунун 115-117-чакырымдары жабыла турганын «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган жерде капчыгайдагы жолдун коопсуздугун арттыруу үчүн бургулоо-жардыруу иштери жүмөкчү. Трассаны Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын инспекторлору тосот, ал эми Нарын менен Ысык-Көл тарапка бет алгандарга айланма жол менен кетүү сунушталат.
Бишкек шаарында 2025-жылдын 5-августунда жолду капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу Ахунбаев көчөсүнүн Б.Юнусалиев көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө …