• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бүгүн Грузияда парламенттик шайлоо өтүүдө

26 Тогуздун айы 202412:34 Бишкек Govori.TV

Грузиянын шайлоого добуш берүүгө укугу бар төрт миллионго жакын калкы бүгүнкү шайлоонун тагдырын чечет.

Азыркы тапта Грузияны 12 жылдан бери «Грузия кыялы» партиясы башкарып келет. Бул партия дагы төрт жылдык мөөнөткө бийлигин узартууну каалап, парламенттик шайлоого катышууда.

Мындан тышкары парламенттик шайлоого дагы бир нече партиялар катышып жатат.

Бул жолу шайлоо жаңы ыкма менен өткөрүлүп, 5 пайыздык босогодон өткөн партиялар же коалициялар парламентке келет.

Грузия парламентине жалпы 150 депутат шайланып келет. Дүйнө жүзү бул өлкөдөгү шайлоого олуттуу маани берип байкап турат.

Себеби ушул шайлоо Грузиянын Батышка же Россияга карай багыт алып өнүгө турганын аныктайт.

Бүгүн кечки саат сегизде шайлоо участоктору жабылган соң, эки же үч сааттын аралыгында кайсы партиялар шайлоодо уткандыгы боюнча болжолдуу жыйынтыктар чыгып калат.

Количество просмотров: 160