• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бүгүн иштен алынган Орозов мас болуп жол милициясына кармалган

15 Бештин айы 202519:36 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозовду кызматтан алды.

Орозовдун кызматтан алынышына анын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын этикасын так сактабаганы негиз болгону жазылган. Бирок сөз министрдин кайсы аракети жөнүндө экени айтылган эмес.

Мындан көп өтпөй соцтармактарда Орозов алкоголдук ичимдик ичип алып унаа башкарганы тууралуу маалыматтар тарап, видеолор жарыяланган.

Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы аталган окуя боюнча маалымат берип, окуя 14-декабрь күнү болжол менен саат 01:40 чамаларында болгонун билдирди.

«Кызматкерлер Кой-Таш айылынан “Тойота камри” үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Унааны башкарып бара жаткан 1986-жылы туулган О.Б.С. аттуу айдоочуну текшерүү маалында айдоочудан спирттик ичимдиги жыттангандыгына байланыштуу Бишкек шаарынын борбордук наркология бөлүмүнөн текшерүүдөн өтүп, айдоочу спирттик ичимдигин ичип алганы тастыкталган. Айдоочуга карата Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө Кодексин 193-беренесинин негизинде протокол түзүлүп, унаасы убактылуу айып төлөөчү жайына токтотулган»,-деп жазылат маалыматта.

Орозов бул кызматка быйыл май айында дайындалган.

Количество просмотров: 423