• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бүгүн кечинде Алайда жер титиреди

19 Бештин айы 202422:19 Бишкек Govori.TV

КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, бүгүн 19-декабрда саат 20:52де Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 3 баллга (Бор-Дөбө айылынан 10 чакырым түштүк батышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 321