• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бүгүн Конституциянын жаңы долбооруна каршы митинг өтөт

9 Жалган куран 2021 9:28 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-мартта Ак үйдүн алдында Конституциянын жаңы долбооруна каршы митинг өтөт. Бул тууралуу Govori.TVга саясатчы Жеңиш Молдакматов билдирди.

«Төрт талабыбыз бар. Азыркы жүрүп жаткан саясий реформаны токтотуу. Тактап айтканда, Жогорку Кеңеш 2-мартта Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоо ордуна, аны Референдум тууралуу мыйзамга тиркеп, 1-окуудан кабыл алды. Бул мыйзамсыз. Экинчиден, легитимсиз парламент таркашы керек. Үчүнчүдөн, Жогорку Кеңешти каржылоо токтотулуп, парламент тарасын. Президент тез арада жаңы парламенттик шайлоо дайындап жана жаңы келген парламент Конституциянын жаңы долбоорун кеңири талкуулашы керек», — деди Молдакматов.

Белгилей кетсек, Конституция боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 3-мартта биринчи окууда кабыл алынган.

Количество просмотров: 158