Бүгүн кыргыз-тажик чек арасында абал тынч. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, кечээ чырдан кийин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Тажикстандын Согди облусунун губернаторунун орун басары болуп жолугушуу өткөрүшкөн. Жыйынтыгында талашка түшкөн жер такталганга чейин курулуш иштерин жүргүзүүнү токтотуу чечимине келишкен.
«Элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Учурда чек арада абал тынч», — деп айтылат маалыматта.