Бүгүн, 15-октябрда футбол боюнча улуттук курама команда 2026-жылы өтө турган дүйнөлүк чемпионаттын тандап алуу оюндарын 3-айлампасын Түндүк Корея менен өткөрөт.
Улуттук курама команданын оюну саат 20:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.
Ушу кезге чейин үчүнчү айлампанын жыйынтыгы менен Кыргызстанда бир да упай жок, ал эми Түндүк Кореяда 2 упай бар.
Мурда эки команда 2010-жылы Шри-Ланкада Азиянын чакырык кубогунда беттешкен. Ал оюнда түндүк кореялыктар 4:0 эсеби менен уткан.
Бүгүн «Ак шумкарлар» кызыл формада талаага чыгышат.