• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары болуп Алмаз Кененбаев дайындалды

17 Баш оона 2018 16:18 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 17.08.2018. Govori.TV

Президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары болуп Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Кененбаев буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болгон. Бүгүнкү күнгө чейин аппарат башчысынын биринчи орун басары болуп Досалы Эсеналиев эмгектенип, анын аппарат башчы кызматына которулгандыгына байланыштуу аталган кызмат бошогон.

Өмүр баяны:
Кененбаев Алмаз Муканович 1976-жылы 6-июнда төрөлгөн.
Билими:
1993-1998-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин «бухгалтердик эсеп, чарба ишмердигин көзөмөлдөө жана анализ» адистигин аяктаган.
2000-2003-жылдары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде окуп, «юрист» адистигине ээ болгон.
2007-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы башкаруу академиясынын «менеджмент» адистиги боюнча магистратураны бүтүргөн.
Эмгек жолу:
«Alma Group» ЖЧКсынын башкы директору.
2012-жылы КСДП партиясынын тизмеси аркылуу Бишкек шаардык кеңеште депутат. 2015-жылдын 26-октябрында Бишкек шаардык кеңештин төрагасы болуп шайланган.
Количество просмотров: 22