• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бүгүн Садыр Жапаров Ош облусуна жумушчу сапары менен барат

10 Чын куран 20269:21 Бишкек Govori.TV

Садыр Жапаров 10-апрелде Ош облусуна жумушчу сапар менен барат. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Аскат Алагозов билдирди.

Анын айтымында, сапардын алкагында мамлекет башчысы бир катар өнөр жай жана социалдык объекттердин ишмердүүлүгү менен таанышат. Ошондой эле инфраструктуралык долбоорлордун жүрүшүн, анын ичинде билим берүү жана медициналык мекемелердин курулушун, жол тармагын өнүктүрүүнү жана аймактарды көрктөндүрүү иштерин карайт.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров социалдык мааниге ээ объекттерди ачуу жана ишке киргизүү аземдерине катышары пландалууда.

Количество просмотров: 120