• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Садыр Жапаров: Жеңиш Токторбаев аша чаап кеткен

11 Чын куран 202610:56 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушууда Ош шаарынан ишкер Айдар Бакыев шаарда жүргүзүлгөн иштерде мыйзам бузуулар бар экенин айтып, мурдагы мэр Жениш Токторбаевдин аракеттерине укуктук баа берүүнү өтүндү.

Анын айтымында, Токторбаев мэр болуп турган учурда «мыйзамдарды бузган», «мамлекеттин ичинде мамлекет түзгөн» жана «мамлекеттик бийликти деморализациялаган». Ишкерлердин кайрылуулары узак убакыт каралбай келген жана президент Жогорку Кеңеште сүйлөгөндөн кийин гана карала баштаганын билдирди Бакыев.

Ал болжол менен 2000дей адамдын укугу бузулганын, ал эми жолдордун, дарыялардын жана каналдардын боюндагы бизнестен эч нерсе калбаганын айтты. Анын баамында, ишкерлерге калыбына келтирүү үчүн болжол менен беш жыл талап кылынат. Ушуга байланыштуу ал бузуу иштерине байланышкан маселени тездетүүнү суранды. Ош шаарындагы жолугушууда Президент Садыр Жапаров Жеңишбек Токторбаевди мэр кылып дайындоо ката болгонун билдирди. Анын айтымында, алгач Токторбаев мыйзамсыз курулуштарды тартипке келтирип жакшы иштеген, бирок кийин аша чаап кеткен. Аны дайындоодо менин дагы катам бар деп билдирди президент эл менен жолугушууда.

Мэр Жеңишбек Токторбаевдин маалында Ош шаарда 700дөн ашуун үй сүрдүрүлгөнү айтылып, компенсация маселеси көтөрүлдү. Президент бул иштер боюнча жоопкерчилик бийликке тиешелүү экенин белгилеп, жарандардын укугу корголо турганын айттып, мыйзамдуу жолу караларын кошумчалады.

Количество просмотров: 193