• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бүгүн Трамп Путин менен телефон аркылуу сүйлөшөт

18 Жалган куран 20258:15 Бишкек Govori.TV

АКШнын президенти Дональд Трамп шейшембиде Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшөрүн билдирди, деп маалымдайт Foxnews.

Трамп бул тууралуу жекшемби күнү кечинде Флоридадан Вашингтонго кайтып келе жаткан Air Force One бортунда журналисттерге сүйлөп жатып билдирди.

Орусиянын Украинадагы согушун токтотуу аракетинде жерди, электр станцияларын жана башка мүлктөрдү бөлүштүрүү боюнча талкуулар болгонун айтып, Трамп: «Мүмкүн шейшембиге чейин жарыялай турган бир нерсебиз бар-жокпу көрөбүз», — деди.

Буга чейин Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Грушко Украина боюнча келишимде Орусия АКШ менен НАТОдон коопсуздук кепилдигин талап кыларын билдирген. Дипломаттын айтымында, бул шарттардын бири Украинанын бейтарап статусу жана Түндүк Атлантикалык альянс өлкөлөрүнүн аны уюмга мүчө катары кабыл алуудан баш тартуусу болушу керек.

АКШ президенти Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Вальц Киев келечектеги коопсуздук кепилдиги үчүн аймактардан баш тартууга аргасыз болушу мүмкүн деп билдирди. Анын айтымында, Орусия Федерациясын оккупацияланган украин аймактарынан сүрүп чыгаруу АКШнын улуттук кызыкчылыктарына жооп бербейт жана үчүнчү дүйнөлүк согушка айланып кетиши мүмкүн. Ошол эле учурда АКШ Украинада Трамп сунуштаган ок атышпоо келишимине макул болбосо, Орусияга каршы чара көрүшү мүмкүн.

Количество просмотров: 113