Россия Кыргызстандын эң ири соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири бойдон калууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Ынтымак Ордодо» Россия президенти Владимир Путин менен кеңири курамдагы жолугушуусунда айтты.
Анын айтымында, Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы кызматташтык көп багыттагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда.
“Орусия Кыргызстандын бирден-бир соода-экономикалык өнөктөшү бойдон кала берет. Ал эми Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) жаңы инновацияларга, инвестицияга мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатат. Биз Орусиянын инфраструктура жаатында, энергетикалык, өнөр жай жана гуманитардык багыттагы колдоосун жогору баалайбыз”, — деди Садыр Жапаров.
Владимир Путин да Орусия Кыргызстандын негизги соода-экономикалык өнөктөшү экенин айтып, 2024-жылы эки өлкөнүн өз ара соода жүгүртүүсү 13,60% көбөйгөнүн билдирди.
“Республикада Орусиянын катышуусундагы ишканалардын саны 1800гө жетти. Орусиялык ишкерлердин ишенип капиталын Кыргызстандын экономикасына салып жатышы сиздин аракетиңиз жана ички саясаттагы оң динамикага байланыштуу. Республика сиздин башкарууңузда туруктуу жана ишенимдүү өнөктөш экенин, бул мындан ары соода-экономикалык жана инвестициялык иштер үчүн негизги шарттардын бири экенин айтам”, — деди Владимир Путин.