• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бүгүн Жогорку Кеңеште кайсы маселелер каралат?

2 Бештин айы 2021 9:00 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-декабрь күнү саат 10:00дө парламент имаратынын жыйындар залында Жогорку Кеңештин жыйыны өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. Ар кандай маселелер;

2. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир. № 6-15031/21) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет караган);

3. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир. № 6-15031/21) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет караган);

4. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жер кодексине, “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, чыг.№ 25-8054, 20.09.21) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет, Бюджет жана финансы боюнча комитет караган);

5. Республикадагы коронавирус инфекциясынан түзүлгөн кырдаал жөнүндө Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин маалыматы.

Количество просмотров: 115