• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Бүтүн Кыргызстан» боюнча БШК Жогорку сотко кайрылбайт

10 Аяк оона 2020 9:57 Бишкек Govori.TV

БШК «Бүтүн Кыргызстан» партиясы боюнча Жогорку сотко кайрылбайт. Бул тууралуу «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров «Govori.TVга» билдирди.

Анын айтымында мындай чечим кабыл алынганы кечээ белгилүү болгон.

Ал эми бул тууралуу БШК да тастыктады. Маалымат боюнча, Бишкек административдик соттун чечимине каршы Жогорку сотко кайрылышпайт жана партиянын талапкерлеринин тизмеси расмий катоого алынган.

Эске салсак, 9-сентябрда Бишкек административдик соту “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын БШКнын чечимине каршы доо арызын карады. Анда сот “Бүтүн Кыргызстандын” пайдасына чечим чыгарган.

Сотто Анар Эгембердиева төрайымдык кылды. Сот партиянын доо арызын канааттандырып, БШКнын буга чейинки чеимин жокко чыгарды.

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы 3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышууга 15 саясий партияны каттаган. Ал эми «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тарткан. Ага партиянын съездинде мыйзам бузулганы жүйөө келтирилген. «Бүтүн Кыргызстан» БШКнын чечимин «саясий чечим» деп атап, сотко кайрылган.

Количество просмотров: 103