• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Бүтүн Кыргызстандын» депутаттары Баткенге барат

10 Бугу 2022 9:10 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаттары Баткен жана Ош облустарында көчмө жыйын өткөрөт. Бул тууралуу фракциянын катчылыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Адахан Мадумаров, Эмил Токтошев, Алишер Эрбаев, Гуля Кожокулова, Айгүл Айдаровадан турган депутаттык топ алгач 10-майда саат 16:00дө Исхак Раззаков шаарындагы калктын көйгөйүн угат.

«12-май саат 14:00дө Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясында мугалимдер катышкан «Билим берүүнүн көйгөйлөрү» аттуу талкуу, ушул эле күнү саат 16:00дө «Мезгил өтпөйт, биз өтөбүз» аталышында жаштар менен баарлашуу болот»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 86