• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Баатырбеков: Көпчүлүк вирусту тойлордон, куран окутуу иш-чараларынан жугузуп алууда

7 Аяк оона 2020 9:27 Бишкек Govori.TV

Көпчүлүк коронавирусту тойлордон, куран окутуу иш-чараларынан жугузуп алууда. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында биринчи вице-премьер-министри Алмазбек Баатырбеков билдирди.

Анын айтымында, көп сандаган адамдардын катышуусундагы майрамдык салтанаттарды өткөрүүгө, түнкү клубдардын иштөөсүнө тыюу салынган.

«Бирок тойканаларда үй-бүлөлүк мааракелер өтүп жатат. Көпчүлүк коронавирусту тойлордон, куран окутуу иш-чараларынан жугузуп алууда. Ошондуктан жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдары көзөмөлдү жогорку уюшкандыкта жүргүзүүсү шарт», — деди Алмазбек Баатырбеков.

Отурумда өлкөнүн бир катар облустарындагы эпидемиологиялык абалды жакшыртуу, жарандарга коронавирус инфекциясынын жугушун алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги өтө оор абалдагы бейтаптар үчүн дарыгерлердин консилиумун уюштурууда.

Ошондой эле курулуш иштери жана багыты өзгөртүлүп, ооруканага ыңгайлаштырылып жасалып жаткан саламаттык сактоо мекемелерин медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу маселеси дагы каралып, бул багыттагы иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди.

Количество просмотров: 172