• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Алмазбек Баатырбеков өкмөт башчынын милдетин аткарууда

10 Тогуздун айы 2020 16:55 Бишкек Govori.TV

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков өкмөт башчынын милдетин аткарууда. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон соң жаралган кризис тереңдеп баратат. 5-октябрда шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын өкүлдөрүнүн митинги башаламандык менен аяктап, президенттик администрация жана башка мамлекеттик органдардын имараттарын ээлеп алышкан. Өлкөдөгү легитимдүү бийлик органы болуп саналган парламент жаңы өкмөттү түзүш үчүн чогула элек.

9-октябрда Кубатбек Боронов баштаган өкмөт отставкага кеткен.

Количество просмотров: 127