• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Бабанов Центеррадан 150 млн доллар алды беле?

8 Кулжа 2021 14:16 Бишкек Govori.TV

УКМКнын абагында жаткан мурунку өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов интернетте тарап жаткан маалыматтарга жооп берип, жактоочусу аркылуу абактан кат жолдоду.

«Менин адвокатым келип, Центеррадан 150 млн доллар алыптыр деген интернетте фейк кабар жүрөт дейт.

Ушу фэйкти жазган кишини, анын үй-бүлөсүн, жана бала-чакаларын ушул жалган үчүн Аллахым Урсун!!!

Центеррадан же ошого тийиштүү компаниялардан 100$ паракорлук кылып акча алгандар болсо, аларды да бала-чакасы менен кошо Аллахым Урсун!!!

Урматтуу Кыргыз элим, жалган ушакка ишенбегиле!!!
Кумтөр бир топ адамдын башын жуткан, дагы жутат.
Ошол үчүн Сот ачык өтүшү керек!!!», — деп жазган Бабанов.

Количество просмотров: 586