Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов Садыр Жапаров менен Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы энергетика тармагындагы кырдаал боюнча талаш-тартыштардын алкагында соцтармак баракчасына билдирүү жазып, мурунку президенттин сөзүнө комментарий берди.
«2017-жылы кандай шайлоо өткөнүн эл унуткан жок. Мамлекеттик ресурстар бир тарапты сүрөп, дарыгерлер менен мугалимдерди саясатка зордоп аралаштырып, адамдарды коркутуп-үркүтүп, агитаторлорду тоого алып барып сабаган учурлар болгон. Ошол жылы 500 миң кыргызстандыктын добушу менен үмүтү уурдалганын эч ким жокко чыгарбас. Ошондо Кыргызстандын келечегин жана туруктуулугун ойлоп, командамды токтотуп, өзүм убактылуу сыртка чыгып кеткенмин. Шайлоо учурунда, андан кийин да коомду бөлүп жарган бир дагы билдирүү жасаган эмесмин.
Кошумча, атаандаштык жөнүндө бир нерсени да унутпайлы: Атамбаевдин бир уулу шаардык кеңеште, экинчиси Жогорку Кеңеште, эми кайра талапкер болуп жатат. Мындай учурда атаандаштык жөнүндө айтуу башка бирөөгө көбүрөөк жарашмак. Азыр болсо өлкөдө стабилдүүлүк орноп, криминалсыз, башаламандыксыз тартип түзүлүп жатканын көрүп турам.
Ошондуктан бүгүнкү биздин милдет – өлкөдөгү туруктуулукту сактап, анын өнүгүшүнө көмөктөшүү… Мамлекеттин тагдыры жеке таарынычтан, жеке амбициядан да маанилүү. Сизде эгер чын эле таарыныч бар болсо, анда акылман, тажрыйбалуу аксакал катары туура кадам жасоого чакырам. Сырттан туруп талашпай-тартышпай, тескерисинче, Кыргызстанды алдыга жылдырууга умтулалы», — деп жазды Бабанов.
Атамбаев менен Жапаровдун кайым айтышуусу Садыр Жапаров 9-ноябрда өлкөдөгү энергетикалык абал боюнча Фейсбук баракчасына пост жазгандан кийин башталган. Өлкө башчы анда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу эки миллиард куб метрге аз экенин билдирип, буга чейинки бийликтегилердин тушунда энергетикалык ири долбоорлор ишке ашпаганын айткан.
Жапаровдун билдирүүсүнө Атамбаев жооп берип, учурдагы бийликтин мурдагыларды каталары үчүн сындоого укугу бар экенин, бирок миңдеген адамдардын эмгегин жокко чыгарып, “биз келгенге чейин эч нерсе жасалган эмес” деп айтканы туура эместигин жазган.
Кайым айтышууга мурдагы премьер-министр Сапар Исаков кошулуп, фейсбук баракчасы аркылуу билдирүү жазган.