• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

«Бахчай» кафеси курчоого алынып, ичиндегилер эвакуацияланды

14 Теке 202314:28 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Бахчай» кафесинин аймагы курчоого алынды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-июлда Бишкектин Саякбай Каралаев көчөсүндөгү «Бахчай» кафесинин аймагына бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн.

«Кафенин кызматкерлери жана кардарлары эвакуацияланды»,-деп билдиришти милициядан.

Жеринде тиешелүү органдар иштеп жатат.

Количество просмотров: 107