• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Байкоочулар шайлоодо кандай мыйзам бузууларды байкады?

4 Тогуздун айы 2020 12:26 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 4-октябрда парламенттин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо башталды. Эреже боюнча добушканалар эртең мененки саат 8.00дөн тартып ачылды.

Шайлоого көз салган жергиликтүү байкоочулар добуш берүү тилкелеринде кандай мыйзам бузуулар болуп жатканын айтып беришти.

«Жалпысынан алганда шайлоодогу уюштуруу иштери жакшы жүргүзүлгөн. Ошол эле учурда кемчиликтер дагы болуп жатат. Эртең мененки алынган маалыматтар боюнча добушканаларда беткабы белгиленген адамдар пайда болгон. Кээ бир шайлоо тилкелери даярдыгы жок болгондуктан, шайлоочуларды 1 саат күттүргөн. №2 форма боюнча дагы башаламандыктар болгону белгилүү болду. Административдик ресурсту колдонуу боюнча дагы бизге абдан көп маалыматтар келип түштү»,-деди байкоочу Алмас Орозбаков.

Кошумчалай кетсек, быйыл кыргызстандыктар парламенттин VII чакырылышынын депутаттарын беш жылга шайлайт. Ага 16 саясий партия ат салышууда.

Количество просмотров: 60