• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Чүйдө курулуш эрежелерин бузгандарга 1 млн сом айып салынды

1 Теке 202618:41 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Аламүдүн районунда курулуш реестрине катталбаган объекттерге ири айып пул салынды.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, райондо логистикалык-соода борборунда курулуп жаткан кампалардын, газоблок чыгаруучу заводдун жана аквапарктын курулушунда одоно мыйзам бузуулар катталган.

Аталган объекттерде курулуш-монтаждоо иштери Бирдиктүү мамлекеттик курулуш реестрине катталбастан жүргүзүлүп келгени аныкталды.

Натыйжада аталган фактылар боюнча курулуш жүргүзгөн тараптарга карата протоколдор түзүлүп, Укук бузуулар кодексинин негизинде жалпы 1 млн сом айып салынды. Ошондой эле аныкталган кемчиликтерди тез арада жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.

Количество просмотров: 7