• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

Байсалов Cадыр Жапаров кийинки президенттик шайлоого катышарын айтты

29 Үчтүн айы 2024 22:37 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов мамлекет башчы Садыр Жапаров кийинки президенттик шайлоого катыша турганын билдирди. Бул тууралуу ал 29-январда “Азаттык” радиосунун “Эксперттер талдайт” программасында айтты.

“Президентибиз кийинки шайлоого катышат. Ага Конституция жол берет. Ошондуктан муну орто жолдо таштап койбойт. Ага элибиз да уруксат бербейт. Үмүтү жанган эл алдыдагы үч жылда көп жетишкендиктерге күбө болот”, — деди ал.

Садыр Жапаровдун бийликтеги экинчи мөөнөткө баруу ниети тууралуу президенттин администрациясы азырынча маалымат бере элек.

Количество просмотров: 134