Байсалов Эдил Жолдубаевич
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары
Эдил Байсалов 1977-жылы 6-августта Бишкек шаарында төрөлгөн.
Билими:
Нарын шаарындагы №7 мектепти аяктаган;
- 1992 – 1993 — Мектептер аралык алмашуу программасы менен Түркияда окуп келген;
- 1994 – 1995 — Мектептер аралык алмашуу программасы менен АКШда окуп келген;
- 1995 – 2000 — Кыргызстандагы Америка университетинде бизнести башкаруу адистиги боюнча билим алган.
Эмгек жолу:
- 1995 – 1996 — Улуттук олимпиада комитети;
- 1996 – 1997 — Товар өндүрүүчүлөр улуттук ассоциациясы;
- 1997 – 1999 — Швейцариянын Weitnauer фирмасы;
- 05.1999 – 2007 — «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясында аткаруучу директордун орун басары, аткаруучу президенти, президент;
- 02.2001 – 02.2002 — Кыргызстандын юристтер ассоциациясынын аткаруучу директору;
- 2007 — КСДПнын жооптуу катчысы, мүчөсү;
- 09.04.2010 — Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси;
- 2010 — «Айкөл Эл» партиясынын лидери;
- 08.2012 – 09.2012 — Социалдык өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу;
- 11.06.2019-2021—Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси;
- 2021-жылдын 13-октябрынан тарта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.
Подписаться:
Количество просмотров: 58