Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов президент Садыр Жапаровдун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевди кызматтан алуу чечими боюнча пикирин билдирип, соцтармак баракчасына билдирүү жазган.
Ал өз билдирүүсүндө президенттик шайлоо тууралууда пикир билдирип, Кыргызстанда президенттик шайлоо өз убагында өтүшү керектигин айтты.
«Чоң иш-чаралар турат, эгемендүүлүгүбүздүн 35 жылдыгын өткөрүшүбүз керек. Мунун баары тынчтыкта, туруктуулукта өтүшү шарт. Президенттик шайлоо өз убагында — кийинки жылдын январында өтүшү кажет», — деген ал.