• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

 Байтик баатыр көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылды

3 Кулжа 20249:01 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Байтик баатыр көчөсүнүн Ахунбаевден Медеровго чейинки бөлүгү жабылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Ахунбаев көчөсү унаа кыймылы үчүн ачык болот.

Учурда Байтик баатыр көчөсүнүн Токомбаев жана Ахунбаев көчөсү менен чектелген бөлүгүндө жолду капиталдык оңдоо жумуштары жүрүп жатат.

Байтик баатыр көчөсүн капиталдык оңдоо бир нече этап менен жүргүзүлөт. Бул учурда коомдук транспорттун кыймылы өзгөртүлдү.

Количество просмотров: 70