• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

10-июлда Байтик баатыр көчөсүнүн бир бөлүгү ачылат

8 Теке 202412:34 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 10-июлда Байтик баатыр көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки бөлүгүн ачуу пландалууда.

Маалыматка ылайык, аталган тилкеде учурда бир катмар асфальт басылды. Экинчи катмар асфальт төшөлүп, жол белгилери чийилгенден кийин, аталган бөлүк ачылат.

Белгилей кетсек, Байтик баатыр/Абдрахманов көчөсү Жибек-Жолу проспектисине чейин оңдолот. Буга чейин Токомбаев көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоп-түзөөдөн соң пайдаланууга берилген.

Количество просмотров: 172