• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бакиевдерден коркуп Москага качкан айым ЖКга депутат болду

15 Бугу 2018 16:10 Бишкек Govori.TV
Борбордук Шайлоо Комиссиясы бүгүнкү отурумунда «Ата Мекен» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Гульнара-Клара Саматка (Клара Кабилова) мандат ыйгарды. Бул тууралуу БШКнын маалыматчылары кабар таратты.
Анда белгилүү болгондой, ысымын парламенттик шайлоонун алдында  жогорудагыдай кылып өзгөрткө БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилова Жогорку Кеңешке депутаттык мандатынан сот тарабынан ажыратылган Аида Салянованын ордуна келе жатат. Буга чейин анын кош жарандуулугу боюнча чуу чыгып, бирок, БШК тишелеүү кагаздардан кийин анын кош жарандуулугу жоктугун далилдүү деп тапкан.
Эске сала кетсек, ал БШКда төрайым болуп турган кезде Курманбек Бакиевдин уулу Максим «өлтүрөм» деп коркутканын кат аркылуу жазып, өзү Москвага жашырынып кеткени элдин эсинде.
Количество просмотров: 10