• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Бакиевдин алдына жатып берип». Депутат Түмөнбаев Мадумаровду сындады

7 Аяк оона 2022 14:22 Бишкек Govori.TV

Депутат Акылбек Түмөнбаев ЖК жыйынында сөз сүйлөп жатып кесиптеши Адахан Мадумаровду сынга алды.

Анын алдында депутат Мадумаров депутаттардын ынтымагы жок экенин айтып, бийликтин тилин алып, кнопкаларды басып берип жатканын айткан.

«Сизге окшоп, элдин көзүнө ойнобойбуз, мен кандай болсо ошондой бетке айтам. Сиз дагы бир убакта спикер болуп, 120 депутатты жетектедиңиз. Ошол Бакиевдин убагында, Бакиевдин алдына жатып берип, жерлерибизди, Көлдөгү пансионаттарыбызды анклав кылып, Токмоктогу, Кең-Булуңдагы киндикчебизди колдотуп депутаттардын колун бурап өткөрүп бергенсиз. Бүгүн андай болгон жок. Президенттин сөзүнө же Министрлер кабинетине каршы пикирибизди айтып келе жатабыз. Сиз айтсаңыз мандатымды тапшырам таркайбыз десеңиз, мен каршы эмесмин. Мен да тапшырам», — деди Түмөнбаев.

Количество просмотров: 8087